Шаар өз ишин улантууда. Муниципалдык кызматтар борбордун жашоосун үзгүлтүксүз камсыз кылып жатат.
Калича Умуралиева жетектеген "Шаардык парктар" муниципалдык ишканасынын жамааты борбор калаанын коомдук жайларын көрктөндүрүүдө.
Көптөгөн шаардыктар, уюмдар четте карап турбай, бизди колдоп, мэриянын жашыл акцияларына катышып, борбордун жашыл аймактарын жаңыртууга салым кошуп жатышат.
Бүгүн биз Адинай Мырзабекова атындагы жаңы сейил бакка 28 даана көчөт отургуздук. Бул шаарга шаар тургундарынын жана жеке компаниялардын белеги.
Ошондой эле жакында, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Биология Институтунун П.А. Гана атындагы токойлорду изилдөө боюнча илимий-өндүрүштүк борбору Агро токой менен биргеликте шаарга европалык терек гибриддеринин 200 көчөтүн белек кылды.
«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан даярдалган отургузуу планына ылайык, "Адинай" жаңы сейил багына жаш көчөттөр этияттык менен отургузулат.
Ошондой эле Асанкановдордун үй-бүлөсү жаңы парктын жашыл фондусун толукташып, борборго COVID-19га каршы күрөштө каза болгон профессордун урматына дарыгерлер аллеясына отургузуу үчүн 14 кайың белек кылышты.
Урматтуу шаардыктар! Бир катар компаниялар, көптөгөн үй-бүлөлөр "Адинай" жаңы сейил багында көчөт отургузуу үчүн жерлерди тандап алышкан. Эгерде сиз паркты көрктөндүрүүгө катышууну кааласаңыз, анда биздин жашыл акциябызга катышууга чакырабыз! Кантсе да, дарак бул жашоо, бул эс тутум, бул ден-соолук!
Бак отургузуу үчүн арыздарды «Шаардык парктар» ишканасынын директору Калича Умуралиева (0707 777 749) жана биздин агроном Нурлан Батырканов (0701 003 553) кайрылсаңыздар болот.
Сүйүктүү бишкектиктер! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!
Бишкек –сүйүктүү шаарыбыз!
Фото Каличи Умуралиевой