Балбак Зарлыкович Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Кызматка дайындоо буйругуна Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамына ылайык  Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.

Б.Түлөбаевдин Бишкек шаардык кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейин (2021-жылдын апрель айы)  жана жаңы мэр шайланганга чейин мэрдим милдетин аткарат.

Бүгүн мэрдин милдетин аткаруучусун муниципалитеттин жамаатына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси  Бактыбек Аманбаев, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Ж.Абиров тааныштырды.

Эскерте кетсек, буга чейин Балбак Түлөбаев шаардык мэриянын аппаратынын жетекчиси кызматын ээлеп келген, 2020-жылы жайында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!