"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы кайрадан Түштүк БЧК аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушуна тендер жарыялайт. http://zakupki.gov.kg/popp/view/order/view.xhtml?id=249824225
Көпүрөнүн узундугу 18 метр, жолдун туурасы 11 метр, жөө адамдар өтүүчү аймак эки тараптан 3 метрден болушу керек.
Долбоордун наркы 23 миллион сомду түздү, арыздар 13-ноябрь күнү саат 16: 55 чейин кабыл алынат.
Эскерте кетсек, мурунку тендер сатып алуу процессинин бузулушунан улам жараксыз деп табылган.
БЧК аркылуу өтүүчү көпүрө Жукеев-Пудовкин көчөсүн түштүк багытка карай узартуу долбоорунун алкагында курулат. Жол алты тилкелүү, туурасы 24 метр болуп, жолду бөлө турган белгилер түшүрүлөт жана шагылдуу-мастикалык асфальт бетон төшөлөт. Эске салсак, ушул технологияны колдонуп, "Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын реконструкциялоо" долбоорунун алкагында жолдор оңдолгон.
Бишкек - сүйүктүү инфраструктуралык шаарыбыз!