Жакында жагымсыз сюрприз алдык. Кимдир бирөө Эркиндик бульварындагы жыгачтан жасалган тоостун скульптурасын өрттөп жиберген.

Тоос  ал жерде эки жылдан бери турган, биз аны сырдап, лагын  жаңыртып турчубуз.

Скульптураны 2018-жылы "Бишкекжашылчарба" ишканасынын токойчусу Эркин Туракулов жасаган, ал шаарга болжол менен 14 миң сом сарптаган.

Вандализм фактысы боюнча Биринчи май РИИБге арыз калтырдык.

Урматтуу шаар тургундары! Муниципалдык мүлккө  аяр мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз.

Эгерде сиз тартип бузууларга  күбө болсоңуз, анда дароо милицияга кайрылыңыз: 102.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!