Текшерүүнүн жүрүшүндө Фучик көчөсү 24 дарегинде жайгашкан Саламаттыкты сактоо министрлигинин жатаканасынын айланасына курулуш таштандылары белгиленбеген жерге ташталып, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан ректор Чубаков Т.Ч.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.