Карыларга бир жолку 5 миӊ сом өлчмүндөгү материалдык жардам жана азык-түлүктөр белек кылынды.


Азыркы учурда Насыр Алишев Социалдык өнүктүү башкармалыгынын каттоосунда турат жана ай сайын 7 миӊ сом өлчөмүндө акчалай компенсация жана 6 миӊ сом өмүр бою ала турган стипендия берилет.


Билдирүү: Алишев Насыр Кызыл Армиянын катарына чакырылган. 1943-жылдан 1945-жылдын октябрга чейин запастык полктун курамында согуштук жолун өтөгөн. Кенигсбергди (азыркы Калининград) бошотууга катышкан.


Согуштагы эмгектери үчүн «Германияны жеӊгендиги үчүн» медалы жана Ата-Мекендик согуштун 1 даражадагы ордени менен сыйланган.