Улуттук тест жүргүзүү борборунун “Кыргызтест” башкармалыгынын жаңы имаратында Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери “Кыргызтест” боюнча баамдоо тестирлөөсүн тапшырышты.
Тестирлөөгө Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан уюштурулган “Кыргыз тилин үйрөнүү” окуу курстарына катышкан кызматкерлер, жетекчилер катышышты.
Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 “Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу жана “Кыргызтест” боюнча тестирлөөгө даярдык көрүү максатында өткөрүлүп жатат.