Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов өз сөзүндө сапаттуу күйүүчү майдын маанилүүлүгүн белигледи.


««Газпром нефть Азия» компаниясы башынан эле өзүн ишенимдүү өнөктөш экендиги көрсөттү. Жаӊы май куйуу жайы өзүнүн ыӊгайлуу шарттарын гана эмес, сапаттуу кызмат көрсөтүүсү менен кардарларды өзүнө тартат»,-деди муниципалитет башчысы.


Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө Медициналык тез жардам кызматына, Бишкек шаарынын ИИББ Жол кайгуул кызматына жана КР ӨКМге караштуу Өрткө каршы кызматына 1000 литрден АИ-92 майынан тастыктамасын тапшырды.


Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, «Газпром нефти» компаниясынын регионалдык сатуу боюнча директору Александр Крылов, «Газпром нефть Азия» ЖЧКсынын директору Болот Абилдаев катышты.