Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Бүгүнтөн баштап биз жеңилдетилген категориядагы жарандарга Тулпар кызыл карталарын берүүнү улантып баштадык.
Эртең мененки 9:00дөн кечки 18:00гө чейин төрт райондогу тейлөө борборлорунда берилет.
Бардык берүү пункттарында пенсионерлердин коопсуздугу үчүн санитардык талаптар сакталып, тазалагычтар орнотулуп, маска режими киргизилген.
Берүү пункттары:
Ленин акимиаты - Чүй проспектиси, 315 (Фучик көчөсү менен кесилишет);
Октябрь акимиаты - Байтик Баатыр көчөсү, 17 (Медеров көчөсү менен кесилишет);
Свердлов акимиаты - Чүй проспектиси, 28 (7-апрель көчөсү менен кесилишет);
Биринчи май акимиаты - Жибек Жолу проспектиси, 348 (Логвиненко көчөсү менен кесилишет)
Тулпар карталарынын артыкчылыктары айдан ачык: транспорттун коопсуздугу, чыгымдардын ачык-айкындуулугу, эң башкысы накталай акча менен байланыш жок.
Урматтуу жүргүнчүлөр, карта менен төлөө автобустар менен троллейбустардын кире бериш эшиги аркылуу жүргүзүлөрүн эскертебиз.
Шаардык коомдук транспорттун иши жөнүндө ой-пикириңизди калтырып, жол кыймылынын эрежелерин же санитардык талаптарды одоно бузгандыгына күбө болсоңуз, сүрөттөрдү жана видео фактыларды бизге жибериңиз:
Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;
Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;
Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;
Тулпар: 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg
Бишкек сүйүктүү шаарыбыз!