"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы борбор калаанын тышкы жарыктандыруусун модернизациялоо боюнча ишин улантууда.
Орнотуу жана оңдоо иштери борбор калаанын бардык аймактарында жүргүзүлүүдө.
Октябрь районунда Ахунбаев көчөсүндө Достоевский көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин 34 чырак жаркырап жанып турат.
Биринчи май районунда Байтик Баатыр көчөсүндө Медеров көчөсүнөн түндүк тарапка карай 360 метр электр чубалгылары тартылды.
Исанов көчөсүнө Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Васильев көчөсүнө Махатма Ганди көчөсүнөн Түлөбердиев көчөсүнө чейин чырактар орнотулуп, жандырылды.
Свердлов районундагы «Арбат» гүл бакчасындагы электр линиялары жана чырактары оңдолуп, Чыгыш-5 кичи районундагы №12 үйдүн короосундагы үзүлгөн зым алынды.
Целиноградская көчөсү Салиев көчөсүнөн түштүк бөлүгүн карай лампалар алынып, оңдоп-түзөөгө жөнөтүлдү.
Алтымышев көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Красная көчөсүнө чейин чырактар оңдолду. Орозов көчөсүнүн Кайназарова жана Симферопальская көчөлөрүнүн кесилишиндеги №30, №37 үйлөрүндөгү үзүлгөн электр линиясы алынды.
Шаарды жарыктандыруу иштери уланууда.
Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу жазуу түрүндө кайрылсаныздар болот.
"Бишкекжарык" МИ соцтармактарда дагы бар:
Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet