Улуу муундун өкүлдөрүн Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов куттуктап, бекем ден соолук, тынчтык жана кажыбас кайрат каалады.

«Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү, ардактуу ардагерлер! Сиздерди Эл аралык майрамыӊыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Карысы бардын ырысы бар деген кыргызда акылман сөз бар. Сиздердин эмгегиӊиздер менен биз кооз жана көрктүү шаарда жашап жатабыз. Анткени, калаабыздын  өнүгүшүнө, түптөлүшүнө  кошкон  салымыӊыздар зор. Бул үчүн сиздерге тереӊ ыраазычылык билдирем», -деди калаа башчысы.

Майрамдык иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэр Айгүл Рыскулова, мэриянын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Замирбек Абылаев, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Алмаз Кененбаев, калаанын бардык райондорунун карылары жана шаар тургундары катышты.

Иш-чара концерттик программа менен коштолду.