Урматтуу шаардыктар! КЭР грантынын эсебинен «Көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасы башталгандыгын билдиребиз.

Биринчилерден болуп Ташкент көчөсү Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин жана Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот.

Жолдорду оңдоо иштери бүгүн, 5-октябрда башталды. Эки көчөдө жол катмары, жээк таштар, ирригациялык түйүндөр жана тротуарлар алмаштырылып, жаңыртылат.

Реконструкция иштерин China Road & Bridges Corporation кытай компаниясы жүргүзөт.

Урматтуу айдоочулар! Реконструкция иштерине байланыштуу Ташкент көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки жана Сухе-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүктөрү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Жолдорду оңдоо иштери күз айларынын соңуна чейин бүткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала жол тандап алууларын өтүнөт.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул убакыттын ичинде калаада 5 көпүрөнүн курулушу жана жалпы узундугу 70 км болгон 60 көчөнүн жолун оңдоп-түзөө пландалууда.

Тизмедеги көпчүлүк көчөлөр кеңетилип, кайрадан оңдолуп чыгат. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Кайсы көчөлөр оңдоло тургандыгын бул шилтемеден билсеңиздер болот: www.meria.kg/ru/post/17923

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!