Калаада күзгү көчөттөрдү отургузуу иштери башталды. Биздин жашыл челленджди биринчилерден болуп ыктыярчылар, дарыгерлер, пандемия учурунда каза болгондордун ата-энелери, жакындары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлеринин балдары, коомдук ишмерлер жана шаар мэри Азиз Суракматов колдоду.
Биз баарыбыз «АДИНАЙ» атындагы дарыгерлер жана ыктыярчылар сейил багына жаңы бактардын көчөттөрүн отургуздук.
Эми бул жерде 30 ат каштан дарагы жана бир чыгыш чынар өсүп, шаардыктарга көлөкө тартуулайт. Бардык көчөттөр жабык тамыр системасы менен 3-3,5 метрден турат. Жаш дарактарды отургузууга "Бишкекжашылчарба" МИнин кызматкерлери кылдаттык менен жардам беришти.
Урматтуу шаардыктар! Биз ар бир дарыгердин, медайымдын, санитардын жана ыктыярчылардын пандемия учурундагы эмгектерин эстеп, көчөттөрдү отургуздук. Эгерде сиздер дагы жаңы сейил бакты көрктөндүрүүгө катышкыңыз келсек, сиздерди биздин жашыл акцияга катышууга чакырабыз. Сейил бакка кандай көчөт отургузуу керектигин, көчөттөрдү отургузуу планын «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын ландшафттык архитектура жана көрктөндүрүү бөлүмүнүн башчысы, долбоордун башкы архитектору Б.Сарымсаков түздү.
Көчөттөрдү отургузуу үчүн арыздарды «Шаардык парктар» МИнин директору Калича Умуралиева жана анын орун басары Чыңгыз Кусегенов кабыл алып, жардамдашып жатышат.
Урматтуу шаардыктар! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр. Вирус бар жана ал абдан кооптуу.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!