Иш-чарага жалпысынан райондун 200 ашык улуу муунунун өкүлү келди. Район башчысы Аскербек Алиев чакырылгандарга 1 мин сомдон материалдык жардам жана баалуу белектерди тапшырды. Анын ичинде 60 жыл жана андан ашык чогуу жашаган 35 жубайга 1 мин сомдон берилди. Чакырылгандар үчүн майрамдык концерт тартууланды.


Ошондой эле, Эл аралык карылар күнүнүн алкагында үй-интернатынын тургундарына 20 мин сом материалды жардам көрсөтүлдү, жүз жашка чыккан 4 узак жашоочуга 3 миӊ сом өлчөмүндөгү материалдык жардам жана баалуу белектер тапшырылды.


Карыларга материалдык жардам көрсөтүүгө райондун бюджетинен 567 миӊ сом каражат бөлүндү.


Биринчи май районунун аймагында 26-сентябрдан 26-октябрга чейин Эл аралык карылар күнүнүн бир айлыгы жарыяланды. Айлыктын алкагында карылар үчүн акысыз мончолор, чач тарач кызматы жана кайрымдуулук түшкү тамактануулар уюштурулат.