Урматтуу шаар тургундары! «Энесай» суу алгычында оңдоо-профилактикалык иштерин өткөрүүгө жана кыш мезгилине даярдыктарды көрүү үчүн суу түтүктөрдү оңдоого байланыштуу, 29-сентябрда саат 9:00дөн 19:00гө чейин «Энесай», «Дордой-1», «Дордой-2» жаңы конуштарында, анын ичинде:
№8 үй-бүлөлүк медицина борборунда;
Орхон көчөсү 2, 2а, 4 дарегиндеги бала бакчада;
№21 Муниципалдык аймактык башкармалыгында;
№20 китепканада;
№7 участкалык милиция пунктунда;
«КУТ МонтажСтрой» компаниясында;
Дордой-17 көчөсү, 20А дарегиндеги «Ак-Илбирс»;
«Дордой» базарындагы №6 участкалык милиция пунктунда;
«Бегимай-Дордой» бала бакчасында;
Свердлов районунун Коомдук-профилактикалык борборунда таза суу берүү токтотулат.
Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана алдын ала суу камдап алууларын өтүнөт.
Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча 1533 номерине чалсаңыздар болот. Ошондой эле, мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кайрылууларды күнү-түнү кабыл алат. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182-185 номерине жибериңиздер.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!