Социалдык саясат боюнча калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева мектеп жана бала бакчалардын, оорукана жана поликлиникалардын кыш мезгилине жана ссык тумоо, КОВИД-19 ооруларынын күчөшүнө карата даярдыктарын текшерүүдө.
Вице-мэр Бишкектеги №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасын текшерди. Биз имараттын ичин: палаталарын, операциялык, процедуралык жана техникалык кабинеттерин, оорукананын кире беришиндеги чуңкурларды жамоо иштерин текшердик.
Виктория Андреевна оорукананын эффективдүү ишмердүүлүгү үчүн материалдык камсыздоо, дарыгерлердин коопсуз иш шартын түзүү (коргонуу каражаттары, дары-дармектер) боюнча маселелерге токтолуп, ар кандай кырдаалга даяр болууга тапшырма берди.
Оорукананын башкы дарыгери Гүлнар Жанабилованын айтуусу боюнча, күз-кыш мезгилине оорукана толугу менен даяр, ал эми вице-мэр операциялык жана экинчи блоктун чатырын оңдоого көмөк көрсөтөрүн билдирди.
Вице-мэрдин бул багыттагы текшерүүсү улантылууда.
Урматтуу шаардыктар! Өзүңүздөрдү жакшы караңыздар, ден соолугуңуздарды сактаңыздар! Сураныч, санитардык эрежелерди унутпаңыздар!
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!