Район башчысы келе жаткан Эл аралык карылар күнү менен куттуктады. Аталган карылар райондун ардактуу жана сыймыктуу жашоочулары экендигин белгиледи. Ошондой эле, гүл, 5 миӊ сом өлчөмүндөгү материалдык жардам жана атайын белектерди тапшырды.


Мындан тышкары, админитсрация жана Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы райондун катоосунда турган карыларга кам көрөт. Октябрь районунун аймагындагы ЖОЖдордун студенттерин менен «Таза үй» акциясы өткөрүлүп турат. Аталган акцияда карылардын үйлөрүн жана батирлерин тазалоо жүргүзүлүп, жардамдар көрсөтүлөт. Медициналык мекемелер менен биргеликте акысыз медициналык текшерүү жана дарылоо жүргүзүлөт.