Бишкек жана Ташкент шаарлары мэрия жана Ташкент шаарынын хокимияты ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармакта кызматташуу жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына кол коет. Бул тууралуу калаа башчысы Азиз Суракматов менен Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидовдун жолугушуусунда маалым болду.
Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташууга жана эки коңшу өлкөнүн шаарларынын ортосунда карым-катнашты түзүүгө кызыктар экендигин билдиришти.
Шаар башчысы элчини дайындалышы менен куттуктап, мындан ары жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди.
Эскерте кетсек, 1993-жылы 4-сентябрда Бишкек шаарынын администрациясы жана Бухара шаарынын хокимияты ортосунда кызматташуу жөнүндө, Бишкек шаары жана Самарканд областы ортосунда экономикалык жана маданий кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган.
1996 - жана 2017-жылдары Бишкек шаарынын мэриясы жана Ташкент шаарынын хокимияты ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармакта кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!