Мэриянын билим берүү башкармалыгы мамлекеттик тил күнүнө карата сынак өткөрүүдө.
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын 31 жылдыгына карата Билим берүү башкармалгы 2020-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин мамлекеттик тил бир айлыгын жарыялаган.
2020-жылдын 15-сентябрында окуучулардын (6-11-класстын окуучулары) “Китеп - билим булагы” офлайн-сынагынын райондук туру өткөрүлдү.
Сынакка Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын окутуу кыргыз, орус тилинде жүргүзүлгөн мектептеринин 6-11-класстарынын окуучулары катышышты.
Жобого ылайык сынактын биринчи этабы менен (райондук) 6-8-класстын окуучуларынын жыйынтыгы чыгарылат. Экинчи этапка (шаардык) 9-11-класстын окуучуларынын 1-орунду алган окуучусу катыша алат.
Ар бир класстын окуучуларына дил баян жазуу тапшырмасы берилген:
6-класстар үчүн дилбаяндын темасы: “Башка тилди жандай жакшы көрсөм да, Өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм.” (А.Осмонов),
7-класстар А.Токомбаевдин “Күүнүн сыры” аңгемеси,
8-класстар Ч.Айтматовдун “Эрте келген турналар” повести,
9-11-класстар Төлөгөн Касымбековдун “Адам болгум келет” повести.
Сынактын шаардык туру 2020-жылдын 18-сентябрында өткөрүлөт.
Тапшырмалар уюштуруу комитети тарабынан даярдалды. Баш байге жана 1-2-3-орунга ээ болгон жеңүүчүлөр кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланат. Мугалимдер болсо үч күнгө Ысык-Көлгө эс алууга барышат.