Шаар ишин улантууда. Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев көрктөндүрүү маселелери боюнча «Ак-Ордо» конушунун тургундары менен жолукту.
Жолугушууда №3МАБдын №58 кварталындагы үйлөрүнө суу киргизүү, көчөнү жарыктандырууну талкууланды.
Район башчысы Бийиктик жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги кудукка чоюн торчо орнотуп берерин билдирди.
Райондук администрациянын кызматкерлерине Коомдук –мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы менен Какен-Ата көчөсүн суу менен камсыздоо боюнча долбоордук-сметалык документентти иштеп чыгуу тапшырылды.
Эртең райондун акими Ч.Чыныбаев Фучик көчөсүндөгү №18, №18а, №18б, №18в, №18г, №20 үйлөрүнүн айланасын көрктөндүрүү үчүн көргөнү барат.
Урматтуу шаардыктар! Бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 номерлери аркылуу калтырсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 182185 номерине жибериңиздер.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!