Борбордо эпидемиологиялык абал бир аз турукташып калганы менен кооптуу бойдон калууда. Шаардык муниципалитет күчүн топтоп, бизнес-коомчулук, коомдук уюмдар жана жөн гана кайдыгер карабаган шаардыктар менен биргеликте бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, covid-19 жана пневмония илдеттери менен бирге күрөшүп келүүдө.
Борбордун социалдык саясат боюнча Вице-мэри Виктория Мозгачева, Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев кыйын учурда кол сунган коомдук уюмдарга жана жеке компанияларга ыраазычылыгын билдиришти. Алардын катарында:
- Улуттук Кызыл Ай Коому;
- "Нур телеком" ЖЧК (О! мобилдик оператору);
- АЮ Холдинги;
- "Хорека Ассоциация клубу".
Алардын жардамы менен стационарлар ачылып, кыйынчылык учурда кары-картаңдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүштү. Дарыгерлерди жана ыкчам топторду ысык тамак, уюлдук байланыш, коргонуучу каражаттар жана дары-дармектер менен камсыз кылууда зор салымын кошушту.
Бишкек шаарынын мэриясы пандемия учурунда шаарды колдоп, кол кабыш кылган ар бир жаранга чын ниеттен ыраазычылык билдирет! Чоң ыракмат!
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!