Шаардык мэрия шаардыктардын коопсуздугу үчүн санитардык нормаларды бузгандар менен күрөшүүнү улантууда.

Көбүнчө санитардык эрежелерди коомдук тамактануу жайлары, кафе жана ресторандар бузуп жатышат.

Акыркы жуманын ичинде мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору 189 чарба субъектисин текшерип, 28 бузуу аныктады. Айып пулдун суммасы 124 миң сомду түздү.  4-сентябрга карата Санитардык –экологиялык инспекциясы «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренеси боюнча 397 протокол түзүп, айып пулдун суммасы – 1 миллион 711 миң сомго жетти.

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борбору (тамак-аш гигиенасы бөлүмү) тарабынан 2 миллион 707 миң сомго 1 миң 520 протокол түзүлдү, анын ичинен 1 миллион 513 миң 500 сом (750 протокол) коомдук тамактануу жайларына салынган айып пул.

Айрым уюмдар калаада эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин жабылды:

Компьютердик клубдар: Ч.Айтматов проспектисиндеги  «Оюн» клубу, Турусбеков көчөсү, 100 дарегиндеги  «Иллюзион», Тыналиев көчөсү, 1/1 дарегиндеги Evolution Фрунзе көчөсү, 300/3 дарегиндеги  «Олимп».

Бильярд  клубдары: Фурманов көчөсү, 12 дарегиндеги «Оомат»,  Ч.Айтматов пр., 97/4 дарегиндеги  «Паво», Салиева көчөсү, 180 дарегиндеги  «Бильярдос».

Ресторан жана түнкү клубдар: «Кайнар», Coyote Ugly, Metro pub, «Сары-Челек» жана «Салтанат».

Урматтуу ишкерлер! Адам өмүрлөрү менен ойнобоңуздар! Вирус Бишкекте жана ал коркунучтуу! Өндүрүштү көзөмөлдөө жана санитардык талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик жетекчилерге жүктөлгөн.

Кардарларыңыздар жана кызматкерлериңиздер үчүн коопсуз иштөө шарттарын түзүңүздөр. Санитардык нормалар, гигиена, антисептиктер жана аралыкты сактоо вирус менен күрөшүүдө жардам берет.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, конокко, мааракелерге жана куран окутуу иш-чараларына барбаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!