Жолугушуунун жүрүшүндө 14 саясий партиялардын үгүт материалдарын шаардык муниципалитеттин графигине ылайыкташтыруу маселеси талкууланды.


Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов партиялардын өкүлдөрүнө үгүт материалдарын жайылтууда мыйзамдын нормаларын сактоону жана шайлоодон кийин ар бир партия үгүт материалдарын алууну, тазалоону эскертти.


Ошондой эле, калаа башчысы  «Физкультурный» сейил багында жамгырга байланыштуу болбой калган ишембиликти шайлоодон кийин өткөрүүнү сунуштады.