Коммуналдык кызматтар 2020-2021-жылдарга жылытуу мезгилине кам көрүүдө.
Шаар тургундарынын үйлөрүн үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу үчүн «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы оңдоо-профилактикалык иштерин жүргүзүүдө.
28-августка карата бардык оңдоо иштери график боюнча жүргүзүлүп, 62 откананын оңдоо иштери жыйынтыкталды. Анын ичинен 32 откана мектеп жана бала бакчаларды жылуулук менен камсыз кылат.
Белгилей кетсек, бардык даярдоо иш-чаралар жаңы директор Баимбет Байгараевдин көзөмөлүндө.
«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 624 турак үйдү, 12 саламаттыкты сактоо объектисин, 40 жалпы билим берүү мекемесин, 14 бала бакчаны, 8 ЖОЖ, 26 башка бюджеттик мекемени жана 193 башка кардарларды камтыйт.
Урматтуу шаардыктар! «Бишкекжылуулукэнерго» КИнын байланыш номерлери:
Абоненттик бөлүм: 212847;
Эсеп бөлүмү: 212845;
Жылуулук энергиясын жана ысык суунун көрсөтмөсүн каттоо бөлүмү: 492535, 212804.
Үйдө болуңуздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!