Жыйында Бишкек шаарында 2015-жылдын 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоого даярдыктардын жүрүшү жана КР ЖК депутаттарды шайлоону өткөрүүдө шаардыктардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча Бишкек шаарынын укук коргоо органдарынын иштери талкууланды.
Аталган жыйынга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаарынын ИИБнын башчысы Кашкар Жунушалиев, Бишкек шаарынын вице-мэрлери жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.