Бишкектин аймагында 47 жаңы конуш бар, анда 220 миңден ашык тургун жашайт. Тилекке каршы, конуштардагы үйлөрдүн жана жер тилкелеринин көпчүлүгү ар кандай себептерден улам мыйзамдаштырылган эмес. Себептердин бири – конуштардын бирдиктүү схемасынын жоктугу.
Калаа башчысы Азиз Суракматовдун конуш тургундары менен күзгү жана кышкы жолугушууларынын жыйынтыгында, калаа башчысы ар бир жаңы конуштун схемасына комплекстүү инвентаризация өткөрүү тапшырмасын берген. Бул иш 25 жылдан бери өткөрүлбөй келген.
Жаңы кичи райондордун схемаларын инвентаризациялоо жана бирдиктүү реестрди түзүү курулуш жана архитектура боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиевдин көзөмөлүндө.
Жакында вице-мэрдин жетекчилиги алдында куруучулар штабынын жыйынтыктоочу жыйыны өткөрүлдү. Бир нече саат жолугушуунун катышуучулары: «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын, райондук администрациялардын, мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жана куруучулар штабынын өкүлдөрү көйгөйлүү жерлерди жана анын чечүү жолдорун талкуулашты.
Вице-мэр шаар тургундары жер тилкелерин мыйзамдашырып алуулары үчүн бардык шаар куруу документтерин ирээтке келтирүү керектигин белгиледи.
24-августка карата маалымат боюнча, 47 жаңы конуштун 25 конушунун схемасы бүткөрүлдү. Калган конуштардын схемаларын райондук акимиаттар жакынкы аралыкта «Бишкекбашкыархитектурага» өткөрүп берүүлөрү керек.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!