Шаардык билим берүү тармагында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Биринчи май районунун №28 мектебинин директору болуп Лисниченко Валентина Михайловна дайындалды. Буйрукка мэриянын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Э.Иманалиева кол койду.
Валентина Михайловна кесиби боюнча математик, эмгек жолун №8 мектепте математика сабагынан мугалиминен баштаган. Кийин тарбия иштери боюнча директордун орун басары, №9 мектептин директору болуп иштеген. Андан кийин Бишкек шаардык кеңештин депутаты болуп шайланган. Өткөн жылы «Газпром Кыргызстан мектеби» башкаруу фондунун төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалган.
Валентина Михайловна, сизге ийгиликтерди каалайбыз!