2005-жылы күзүндө «Ахадият» коомдук фондуна «Ак Өргө» жаңы конушунун Ашар көчөсүнөн 16 миң чарчы метр жер мечит жана медресе окуу борборун курууга жана долбоорлоого 49 жылга убактылуу берилген.

Бирок, ижара акысы туруктуу төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу, мэриянын Жер ресурстар башкармалыгы шаарга карызды мыйзам чегинде өндүрүп берүү жөнүндө доо арызы менен сотко кайрылган. Соттук териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча доо арыз толугу менен канааттандырылды.

Биз Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча соттук аткаруу кызматы менен биргеликте 2 миллион 357 миң 996 сом 67 тыйын карызды өндүрүп алдык.

Урматуу ижарачы-ишкерлер! Муниципалдык жерди колдонуудагы ижара акысын убагында төлөөңүздөрдү өтүнөбүз.Сураныч!

Бишкек –сүйүктүү укуктуу шаарыбыз!