«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасында куруучулар штабы менен жыйын өткөрүлдү.

Жеке турак-үйлөр алдындагы жер тилкелер бөлүмүнүн адистери аткарылган иштер боюнча отчет беришти.

Биз Свердлов районунун жаңы конуштарынын схемасынын жарымынан көбүнө инвентаризация жүргүздүк. Ошондой эле Ленин районунун «Ак Өргө», «Ала-тоо», «Орок», «Ынтымак» жана «Ак Ордо»  конуштары дагы карадык. Бул иштери дагы улантыла бермекчи.

24-августка карата 47 жаңы конуштун 21 конушунун схемасы даярдалды. Калган схемаларды райондук акимиаттар «Бишкекбашкыархитектура» ишканасына жакынкы аралыкта бериши керек.

Эскерте кетсек, курулуш жана архитектура боюнча калаанын вице-мэри Уланбек Азыгалиевдин тапшырмасы менен жер тилкелерин инвентаризациялоо жана жаңы кичи райондордун, жаңы конуштардын схемасынын бирдиктүү реестрин түзүү үстүндө иштер жүргүзүлүүдө.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!