Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! 1-сентябрдан тартып «Тулпар» жеңилдик картасынын Шаардык троллейбус башкармалыгындагы пункту жабылат.
Райондук акимиаттарда кызыл карталарды берүү штаттык режимде иштеп жатат.
Сиздер «Тулпар» кызыл картасын төмөнкү даректерден ала аласыздар:
Ленин райондук администрациясы – Чүй проспектиси, 315 (Фучик көчөсү менен кесилишет);
Октябрь райондук администрациясы – Байтик Баатыр көчөсү, 17 (Медеров көчөсү менен кесилишет);
Свердлов райондук администрациясы – Чүй проспектиси, 28 (7-апрель көчөсү менен кесилишет);
Биринчи май райондук администрациясы – Жибек Жолу проспектиси, 348 (Логвиненко көчөсү менен кесилишет).
Карталарды берүү пунктарынын шаардыктардын жана пенсионерлердин коопсуздугу үчүн бардык санитардык талаптар сакталган.
Көк карталарды мурдагыдай эле айдоочулардан жана уюлдук операторлордун кеңселеринен алсаңыздар болот.
Урматтуу шаардыктар! Жол кирени төлөөдө коопсуз ыкмага өтүңүздөр. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дагы накталай акча колдонуудан алыс болууга чакырат. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!
Коомдук транспорттун иши боюнча суроолорго жооп берүүгө дайым даярбыз.
Шаардык транспорт башкармалыгы (маршуттар):
Автобусттардын ишин тейлеген Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы:
Бишкек троллейбус башкармалыгы:
Тулпар: 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!