«Sputnik Кыргызстан» пресс-борборунда калааны санариптештирүү жана күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү боюнча онлайн-брифинг өткөрүлдү.

Журналисттердин жана шаар тургундарынын суроолоруна социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева жана Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев жооп берди.

Вице-мэр жалпы билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына даярдоо жана кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүү иштери жыйынтыкталып жаткандыгын, ошондой эле оңдоо иштери жай мезгилинин аягына чейин бүткөрүлөрүн билдирди.

Учурда медициналык мекемелерди даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Биз каталардын үстүнөн иштеп, шаардык поликлиникалардын жана ооруканалардын иштерин оптималдаштыруу үстүндө иштеп жатабыз. Вице-мэр В.Мозгачева белгилегендей, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базаларына стационарларды ачуунун үстүндө иш алып баруудабыз.

Вице-мэр социалдык блокто чоң  реформалар күтүлүп жатканын белгиледи. Багыттардын бири- шаардык китепканалар тутумун өзгөртүү.

Бүгүнкү күндө калаада 28 китепкана иштейт, анын ичинде борбордук китепкана бар. Алардын бардыгы шаардык бюджеттен каржыланат. Коммуналдык кызматтарды, салыктарды жана башка чыгымдарды эске албаганда, кызматкерлердин айлык-акыларына эле 19 миллион сом каражат коротулат. Мисалы, ар бир райондо китепканалар комплекси бар. Алардын имараттарын карап чыгуу керек. Китепкананын бир бөлүгүн жаштар үчүн коворкинг-зал уюштурууга, ал эми чоң эмес бөлмөлөрүн  коомдук уюмдарды колдоо үчүн гранттык программаларды түзүүгө берсек болот.

Санариптештирүү боюнча Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн Ош базарынын айланасына Ленин районунун ИИБ 10 тышкы видеокөзөмөл камераларын оноткондугун билдирди.

Райондук милиция бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, базардын аймагында кылмыштуулук 30-40%га азайган.

Чынасыл Чыныбаев Ош базарын көрктөндүрүү долбоорунун алкагында  кошумача камераларды орнотуу пландалып жаткандыгын белгиледи.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!