Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев жана Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Болот Апилов «Ала-Тоо» жаңы конушунун тургундары менен жолугушуп, көйгөйлөрдү талкуулашты.
Жашоочулар конуштун көйгөйлүү маселелери болгон канализация маселесин көтөрүштү.
Аким тиешелүү кызматтарга «Ала-Тоо» конушунун Кызыл-Тоо жана Ак-Булак көчөлөрүнүн кесилишинде канализациялык насостук станциясын орнотууну карап чыгууну тапшырды.
Урматтуу шаар тургундары! Бардык көйгөйлөр боюнча мэриянын ыкчам чараларды көрүү кызматынын 1840 жана 1850 номерлерине чалсаңыздар болот. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0555 737574 номерине жибериңиздер.
Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Ден соолук баа жеткис байлык!
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!