Мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Шаардык мэриянын Дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу «Алга-Бишкек футболдук клубу» муниципалдык мекемесинин директору болуп футбол боюнча СССРдин спорт чебери Кошалиев Меклис Бейшенович дайындалды. Футбол индустриясында ал 45 жылдан бери эмгектенет. Меклис Бейшенович «Алга», «Алай» футбол командаларынын жөнөкөй оюнчусунан баштап, КРнын улуттук курама командасынын машыктыруучусу, ФФКРдин Бишкек шаары боюнча өкүлү болуп иштеген.

Футболдук клубдун спорттук директору Исабеков Азамат Нарынбекович болду.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

Биздин командага ийгиликтерди жана жеңиштерди каалайбыз! Алга, Бишкек!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!