24-августта, мугалимдердин жана шаардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда «Билим берүүнү санариптештирүү-өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этаптары» конференциясы өткөрүлөт. Бул жылы КОВИД-19 өзүнүн өзгөчөлүктөрүн киргизип, мугалимдердин салттуу жолугушуусу онлайн режиминде өткөрүлөт.
Биз мугалимдер менен билим берүү процессинин жаңы формасын уюштурууну жана сапаттуу билим берүүнү, ошондой эле 2019-2020-жылдардын жыйынтыктарын талкуулайбыз.
Конференцияны мэриянын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Эльмира Иманалиева алып барат.
Конференциянын программасы менен бул жактан таанышсаңыздар болот.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!