Белгилей кетсек, азыркы учурда Саманчин көчөсүндө оӊдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Ахунбаев – Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Физкультурный» сейил багынын көчө торшерлерине кубаттуулугу 60W  10 лампа алмаштырылат. Көчөнү жарыктандыруу үчүн светодиоддук лампаларды орнотуу тестирлөө режиминде өткөрүлөт. «KOREASIGN» компаниясы шаарды жарыктандыруу долбоору боюнча тендерге катышууга чакырылган.