Жакында саясий партиялардын бири өткөргөн съездде «Бишкекжашылчарба» ишканасынын кызматкерлери өстүрүп келген жашыл аймак бузулду.
Иш-чаранын уюштуруучулары “Сан Маркетинг” компаниясы шаардын борборуна жабдууларын, LED-экрандарын көк майсандын үстүнө, айрым жабдууларын мемориалдык комплекстердин жанына орнотушкан.
Биринчи май району боюнча Санитардык-экологиялык инспекциясы көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактысын аныктап, «Бузуулар жөнүндө» кодексинин №120 беренеси боюнча протокол түзүлдү. Бузуучуларга 13 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.
Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Жашыл жерлерге, шаардын мүлктөрүнө аяр мамиле кылыңыздар. Өзүңүздөргө, жакындарыңыздарга жана шаарыбызга кам көрүңүздөр!
Санитардык-экологиялык инспекциясы дайыма байланышта: 0 705 564 756.
Биринчи май району: 0555 404 818;
Свердлов району: 0551 551 745;
Октябрь району: 0 500 210 470;
Ленин району: 0500 085 580.
Бишкек – сүйүктүү укуктуу шаарыбыз!