Шаар тургундары үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Турциянын музыканттары аткарышты.


Калаанын паркында биринчи жолу шаардыктарды өзүнө тарткан жандуу  музыка жаӊырды.


Аба-ырайынын булуттуу болгонуна карабастан сахнанын алдына көптөгөн классикалык музыканы баалоочулар, угармандар чогулушту. Шаар тургундары менен бирге жагымдуу музыканы угуу үчүн калаа башчысы Кубанычбек Кулматов келди.


Иш-чаранын башкы максаты – коомчулукта, шаарда, ошондой эле, өлкөдө классикалык музыка маданиятын жайылтуу.


Фестивалды Бишкек шаарынын мэриясы Prima коомдук фонду менен биргеликте уюштурду.