Өлкөдө, калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Кыйын абалда, ковид-19 менен күрөшүүдө ыктыярчылардын салымы зор.
Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев пандемия учурунда колдоо көрсөткөн ыктыярчыларга ыраазычылык билдирип, ыраазычылык баракчаларын тапшырды:
1.Бактыгул Бадыева;
2. Анжелике Кайратова;
3. Алтынай Нарбаева, “Апам жана мен” коомдук фондунун жетекчиси;
4. Даткайым Кенешова;
5. Данияр Джолдошев;
6. «Жаштар демилге борбору» коомдук бирикмесине;
7. «Ротари Клуб Бишкек» командасына;
8. «Кыргызстана Ыктыярчылары» командасына;
9. «Тунгуч ынтымагы» командасына.
Бишкек шаарынын мэриясы, Октябрь райондук администрациясы кыйын учурда колдоо көрсөткөн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирет. Сиздерге чоң рахмат!
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!