Эртең менен эрте социалдык саясат боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева Ленин районунун №2 поликлинкасына жашыруун бейтап болуп барды.
ММКларда аталган үй-бүлөлүк медициналык борборунун лабораториялык жана дарылоо бөлмөлөрүндө чоң кезектер жаралып, дарыгерлердин ишине нааразычылыктар келип жаткандыгы боюнча маалыматтар чыккан.
Бүгүн эртең менен үй-бүлөлүк медицина борборунун алдында кезекте тургандар аз. Дарыгерлердин бөлмөлөрүнүн алдында бир нече адам күтүп турушат, бардыгы бет кап менен, аралык сакталган. №2 ҮМБ директорунун орун басары Саадат Уралиеванын ишке кечигип келгендиги боюнча, ал күнү анын себептери болгон. Аталган борбордун башкы дарыгери Жыргал Касымалиев ковид-19 дарылоодон кийин реабилитацияда, борбордо 200гө жакын медицина кызматкерлери иштешет, алардын ичинен 60 кызматкер коронавирустук инфекциясы менен ооруп сакайды, учурда акырындык менен ишке чыга башташты.
№2 ҮМБ директорунун орун басары Саадат Уралиева клиникалык лабораторияга жана дарылоо бөлмөлөрүнө узак кезек болгон учур бир жолу катталганын билдирди. Калган күндөрү орто эсеп менен 30-50 адам кайрылат.
Вице-мэр В.Мозгачева шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн поликлинканын иштерин санарип форматка өткөрүүдө жардам көрсөтөрүн билдирди.
Дарыгерге онлайн жазылуу registratura.med.kg. порталында жүргүзүлөт. Системага бардык шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору кошулган. Программаны киргизгенден бери портал аркылуу дарыгерлерге 75 миң 574 шаар тургуну жазылган. Дарыгерге онлайн жазылуу үчүн бир нече жөнөкөй кадамдарды толтуруу керек:
1-кадам.
registratura.med.kg порталына кирүү;
Идентификациялык жеке номер номерин киргизүү (паспорттогу 14 сандан турган идентификациялык жеке номер);
Телефон номерин киргизүү.
2-кадам.
Дарыгерди тандаңыз
3-кадам.
Күнүн жана убактысын тандаңыз
Кирүүнү ырастаңыз
Дарыгерге кирүү үчүн үй-бүлөлүк медицина борборлоруна же өзүңүздүн дарыгериңизге дагы чалсаңыз болот.
Сураныч, үйдө болуңуздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!
Бишкек-сүйүктүү шаарым!