Мэрия мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштерин улантууда.

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери  пандемия шарттарында мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Абдымомунов көчөсү, 235 дарегиндеги кирпичтен курулган дубал жана Абдымомунов көчөсү, 233 дарегиндеги бала бакчанын тосмосу алынды.

Мындан тышкары, Айни көчөсү, 201 үйүнүн жанындагы эки күркө алынды. Бул күркөлөр уруксат кагазы жок иштеп келген.

Юнусалиев көчөсү, 91 дарегинде жайгашкан Сanto resto club мекемеси мыйзамсыз,  тиешелүү уруксат кагаздары жок  кире беришин орнотуп алгандыгы аныкталып, башкармалык тарабынан  алынып салынды.

Эскерте кетсек, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысынын милдетин Азамат Кадыров аткарып жатат. Ал буга чейин башчынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Урматтуу ишкерлер! Жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактооңуздарды өтүнөбүз!

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер мыйзамсыз орнотулган объектилерди көрүп калсаңыздар, 975122 номерине чалып билдириңиздер!

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/

Instagram: @uzs.bishkek

Twitter: @uzsmeriakg

Биз дайыма байланыштабыз. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Бет кап кийип, кол жууганды унутпаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!