Бишкекте Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен кѳчѳ-жол тармагын ѳнүктүрүүнүн биринчи фазасын ишке ашыруунун алкагында оңдолгон кѳчѳлѳрдѳгү кемичликтер оңдолууда.

Азыркы учурда оңдоо иштери 20 кѳчѳдѳ, анын ичинде Малдыбаев, Тыныстанов, Ахунбаев, Орозбеков, Шералиев, Токтоналиев, Муромская жана башка кѳчѳлѳрдѳ жүргүзүлүүдѳ. Калган 28 кѳчѳдѳгү кемчиликтер курулуш мезгили аяктаганга чейин жоюлат.

Белгилей кетсек, кемчиликтерди шаардык инженерия жана курулуш кызматтарынын, райондук акимиаттардын, МАБдардын кызматкерлеринен жана бѳдрѳтчү компаниянын ѳкүлдѳрүнѳн түзүлгѳн ведомство аралык комиссия аныктайт. Биз ар бир кѳчѳнү кыдырып, бузулган жолдорго кемчилик актын түзүп, анын негизинде иштерди  жүргүзүп жатабыз.

Аныкталган кемчиликтерге сапатсыз жээк таштары жана ирригациялык арыктар кирет. Азыр аларды жаңыга алмаштырып жатышат. Айрым тротуарларда таман таштар тѳшѳлүүдѳ.

Аталган долбоордун алкагында жалпы узундугу 93 км түзгѳн 48 кѳчѳ оңдолгон. Ар бир кѳчѳгѳ эки жылдык кепилдик берилген жана ал кепилдик ушул күздѳ бүтѳт. Келишимге ылайык ар бир кѳчѳдѳгү кемчиликтер бѳдрѳтчү компаниянын эсебинен жоюлат.

Урматтуу шаардыктар! Үйдѳ болуңуздар! Ѳзүңүздѳргѳ жана жакындарыңыздарга кам кѳрүңүздѳр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!