"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы пандемия шарттарына карабастан борбордогу көчөлөрдү жарыктандырууну улантууда.

Иш көп. Адистердин алдында – бүтүндөй шаарды жарык менен камсыз кылуу, жаңы сейил бактарына, парктарына жана тротуар, веложолдоруна жарыктандырууларды орнотуп, шаардын чет жактарында жарыктандырууну модернизциялоо жана башка чоң милдеттер турат.

Биз чырактарды орнотуп жана тышкы жарыктандыруу тармактарын активдүү куруп жатабыз. Жылдын биринчи жарымында 29 жаңы конуштун көчөлөрү жарыктандыруу менен камсыздалды.

Иштин көлөмү чоң болгондугуна байланыштуу, ишкананын базасын кеңейтүү зарылдыгы келип чыккан. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен, метал мамылары жана   бетондук  негизден турган дагы бир өндүрүштүк цех жана автопарк даярдалууда.

“Бишкекжарык” ишканасынын  жаңы базасы Токомбаев көч,1 а дарегинде  даярдалууда. Ал эми аталган аймак совет мезгилинен бери кароосуз калып, бул күнгө чейин каралган эмес.  Азыркы учурда  жаңы ангар жана атайын техника үчүн гараж, оңдоо жайы жана ишкананын кызматкерлери үчүн кичи-футбол талаасын куруу менен масштабдуу реконструкциялоо иштери башталды.

Бул чечим иштин көлөмүн жогорулатууга жана шаарды толук жарыктандырууга шарт түзөт.

Урматтуу шаар тургундары! «Бишкекжарык» ишканасынын авариялык-диспетчердик кызматы: 0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасын төмөнкү  соцтармактардан таба аласыздар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvet

Twitter: @Bishkeksvet

Байланышыңыздар жана чалыңыздар! Биз ар дайым байланыштабыз!  Жакындарыңыздарга жана өзүңүздөргө кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү жарык шаарым!