Кесиптешибиз,  муниципалдык ишканалардын ички аудит, маалыматтарды чогултуу жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Ишеналиев Бакыт Абдыкадырович 49 жашында пневманиядан көз жумганына байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Бакыт Абдыкадырович Чүй областынын Чүй айылында 1971-жылы 21-майда туулган.

Ал КРнын социалдык фонд тармагында 23 жыл эмгектенген. Артында аялы жана баласы калды.

Бишкек шаарынын мэриясы, муниципалдык ишканалардын ички аудит, маалыматтарды чогултуу жана талдоо бөлүмүнүн жамааты Бакыт Абдыкадыровичтин үйбүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Бишкек шаарынын мэриясы