Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгы колдоосунда  ансамбль жамааты Кыргызстан маданиятын жогорку деӊгээлдн аткарышты.


Ансамблдин программасына «Шериктеш», «Стан Манаса», «Акыя», «Ала-Арча» жана  «Ысык Көл», «Кара-Жорго» бий композициялары кирди.


Ошондой эле, «Манас» эпосунан үзүндүлөр жана жалпы жамааттын аткаруусунда «Эсимде» композициясы жаӊырды.


Чыгармачылык жамаат тарабынан 11 хореографиялык  жана 5 инструменттик композиция даярдалган. Бардык чыгармалар кыргыз улуттук аспаптарынын коштоосунда «Жандуу үн» менен өткөрүлдү. Ошондой эле, кыргыз улуттук кийимдеринин коллекциясы көрсөтүлдү.


«Көпчүлүк шаар тургундары бизге келип, кыргыз улуттук аспаптарына кызыгып жатышты»,-деди форумдун катышуучусу.


Жыйынтыгында мектеп жамааты 2016-жылы Мексикада өтө турган Дүйнөлүк Фольклориадага чакыруу алышты.