Урматтуу дарыгерлер, медкызматкерлер, санитарлар! Калаада кичине оң динамика байкалып, шаардык мэриянын күндүзгү стационарларына кайрылган шаар тургундары акырындык менен сакая баштады.
Бирок шаар тургундарын covid-19 жана башка оорулардан сактап калуу үчүн медицина кызматкерлери жетишсиз. Дарыгерлер жана медайымдар жетишпей, аябай чарчап калып жатышат.
Бишкек шаарынын мэриясы covid-19 пандемиясы учурунда шаарды коргоо үчүн медиктерди жардамга чакырат.
Биз турак-жай, тамак-аш менен камсыз кылабыз. Айлык акы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2020-жылдын 3-июлундагы №496 буйругуна ылайык, карантиндик-казарма режиминде иштегендердей күнүнө дарыгерлер- 2 миң 300 сомдон, медайымдар жана атайын ишке тартылган башка кызматтардын кызматкерлерине -1 миң 800 сомдон төлөнөт.
Иштөө убактысы: 8:00дөн 20:00гө чейин.
Толук маалымат үчүн:0770 939 993 Виктория, 0500 848 848 Тансуу.
Бишкек-сүйүктүү шаарым!