Ишембиликтин жүрүшүндө китепкананын айланасындагы чөптөр чабылып, бактар кыркылды, орундуктар боёлду жана таштандылар чогултулуп, чыгарылды.


Аталган ишембиликке Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэрлер  Бакытбек Дюшембиев жана Айгүл Рыскулова, мэриянын аппаратынын кызматкерлери, китепкананын кызматкерлери, ошондой эле, «Тазалык» жана «Жашылдандыруу» муниципалдык мекемелеринин өкүлдөрү катышты.