Текшерүүнүн жүрүшүндө Асаналиев көчөсү, №27 дарегинде жайгашкан «Нуржамал» дүкөнүнүн  аймагы  антисанитардык абалга жетип, курулуш таштандылары жолдун жээктерине ташталгандыгы  жана шаарды көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан «Нуржамал» дүкөнүнүн ээси Өмүрзаков А.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.