7-сентябрдан тарта калаада он күндүк «Өзүӊдү шайлоочулардын тизмесинен текшер» акциясы башталды. Акция биометрикалык маалыматтарды тапшырган ар бир Кыргызстандык жарандарга шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоого жана жаӊы шайлоо системасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт.


Бишкек шаарынын бардык шайлоо участкаларында шайлоочулардын маалымат базасы менен жабдуулар орнотулду. Шаар тургундары өзүнүн шайлоо участкаларына барып, паспортторун операторлого көрсөтүп, жаӊы шайлоо технологиясы боюнча идентификациядан өтүүлөрү керек.


Мындан тышкары,  биргеликте тизмеден өзүлөрүн тактоо боюнча МККнын чалуу борборлору иштөөдө. Шаар тургундары шайлоо процесси, керектүү документтер жана шайлоого катышуу жөнүндө, биометрикалык маалыматтарды кабыл алуу жөнүндө, шайлоочулардын тизмесине кошуу жана шайлоо даректерин өзгөртүү жөнүндө 119 же 98-61-41 номерлери аркылуу маалымат ала алышат. (чалуу акысыз)


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан өздөрүн шайлоо тизмесинен тактоону суранат.