Ленин районунун акиминин орун басарынын телефонуна 88 кайрылуу келип түшкөн. Алардын аткарылганы 46 кайрылуу, 17 кайрылуу «Тазалык» жана «Жашылдандыруу» мекемелерине, ошондой эле, райондун МАБдарына  жиберилди.  2 кайрылуу административдик комиссиясынын жыйынында каралат. Калган бөлүгү башка райондорго жөнөтүлдү.


Октябрь району боюнча 187 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен: 150 кайрылуу аткарылды, 13 шаар тургуну райондорду алмаштырып алган, 35 арыз учурда иштелүүдө, 1 кайрылуу күркөнү алып салуу боюнча соода бөлүмүнө жиберилди жана курулуш таштандыларын таштоо фактысы боюнча 1 кайрылуу Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясына жиберилди.


Биринчи май райондук администрациясына 124 кайрылуу келип түшкөн, аткарылганы 107 кайрылуу, 13 шаар тургуну райондорду алмаштырып алышкан жана 4 кайрылуу иштелүүдө.


Свердлов районуна 42 кайрылуу келип түшкөн, аткарылганы 42 кайрылуу.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан чыгарылбаган таштандылар боюнча төмөндөгү номерлерге кайрылууларын суранат:

Азимбаев Мирлан Абылкаирович (Ленин  району) — 0556 25-05-82;

Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0777 55-22-11;

Омукеев Акматалы Абдымаликович (Биринчи май  району) — 0771 57-71-82;

Шакитов Сагынбек Усеналиевич (Свердлов  району) — 0773 56-73-70.