Курчатов көчөсү №73 жана Тынчтык көчөсү №38 дарегинин жашоочулары муниципалдык жердин эсебине дубал тургузуп алышкан.
Үйлөрдүн ээлери Асанканова А.А. жана Сатаев К.Ч.нын атына «Курулушту токтотуу жөнүндө» эскертүүсү берилди.
Жеке турак-жай курулуш департаментинин эскертүүсүн аткарууда аталган даректин жашоочулары өз ыктыяры менен 2х7м жана 20х2м өлчөмүндөгү дубалды түрттүрүп, жер тилкесин баштапкы абалга келтирди.